Баракелде - Айгерим Расул кызы имиджин өзгөртүүнү чечип, диетага отурду. Бул тууралуу «De-факто» гезити 17-январда чыккан санында жазган.
Гезитте жазылгандай, спорттук залга да бара баштаптыр. «Өзүмдү толук деп санабайм. Бирок теледен чыныгы салмагымдан чоң көрүнөт экенмин», - дейт өзү.
«Айта кетсек, Айгерим азыр «Братандар-2» тасмасына сценарий жазып атыптыр. Тасма май айында жарыкка чыгат», - деп жазат гезит.
Гезит кошумчалагандай, атасы жаңы жылда ырчы кызына кызыл түстөгү «BMW» үлгүсүндөгү спорттук авто белек кылды.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык